Циферблаттардын артыкчылыктары жана кемчиликтери

Акылдуу саатта пайдалуу функциялар гана эмес, циферблаттардын көптөгөн түрлөрү бар. Аларды кайдан таап, кантип ыңгайлаштырууну билип алуу керек. Андыктан циферблаттар боюнча негизги нерселерди айтып беребиз.

Менде циферблат жокпу?

Циферблатты түзмөгүңүздүн башкы экраны деп элестетиңиз. Аны саатты сатып алгандан бери алмаштырган эмессиз, ал эми бул убакыттын ичинде иштеп чыгуучулар спорт жана искусстводон баштап классикалык сааттарга чейинки көптөгөн циферблаттарды жаратышты.

Аларды кайдан табам?

Телефонуңузда Google Play'ди ачып, "Колдонмолор" бөлүмүнө өтүңүз. Издөө тилкесинин астындагы "Категориялар" өтмөгүн басып, "Циферблаттар" дегенди тандаңыз. Ал жерде түрдүү жыйнактарды көрөсүз.

Ошондой эле, "заманбап" же "зодиак" сыяктуу сурамдарды жазып, андан соң издөө тилкесинин астынан саатты тандап, керектүү чыпканы колдонуу менен циферблаттарды издей аласыз. Натыйжаларды рейтинги, акы төлөнүп же төлөнбөй тургандыгы жана башка нерселер боюнча өркүндөтүңүз.

Контентти саатыңыздан көргүңүз келеби? Cаатыңызда Google Play'ди ачып, лупаны таптаңыз. Андан соң "циферблатты" сурамга кошуңуз же издөө тилкесинин астындагы "Циферблаттар" дегенди таптаңыз. Тандагандан кийин аны саатыңызга жүктөп алыңыз.

Циферблаттарды кантип алмаштырууга болот?

Саатыңызда түрдүү циферблаттарды сактап, алардын арасында оңой которула аласыз. Учурдагы циферблатыңызды коё бербей басып турсаңыз, акыркы колдонгон циферблаттарыңыздын жыйнагына өтөсүз (бардык циферблаттарды көрүү үчүн "кошуу" белгисин таптаңыз). Варианттарды сыдырып карап, жакканын тандаңыз.

Ошондой эле, жүктөп алган циферблаттарды саатыңызга туташкан телефон колдонмосунан көрө аласыз.

Аны тууралоого болобу?

Көптөгөн циферблаттарды тууралоого болот. Саатыңыздагы тийиштүү колдонмодон циферблаттар бөлүмүнө өтүп, түзөткүңүз келген циферблатты таптаңыз. Циферблатка жараша түсүн жана сандардын стилин туураласаңыз болот. Ошондой эле, күн сайын басылган кадамдарды, жүрөктүн согушун жана башка кошумчаларды көрсөтүүнү тандай аласыз.

Саатыңыздан өзгөртүү үчүн циферблатты коё бербей басып туруп, параметрлер сүрөтчөсүн же "ыңгайлаштыруу" дегенди таптаңыз. Ал жерде аны каалагандай тууралап алсаңыз болот.
Циферблаттар жөн гана саркеч нерсе эмес. Аларды мезгилге жараша тандап, сүйүктүү сүрөттөрүңүздү фонго коюп, жеке маалыматыңызга көз сала аласыз. Негизги нерселер тууралуу билип алдыңыз, эми мыкты циферблатты тандаңыз.